Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

20.05.2020, 03:20

Кыргызстанда 2439 үй-бүлө мамлекеттен жардам, жер алганына карабай кооптуу аймактан көчпөй жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров 19-майда парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, билдирди.

[news 23822]

Министрдин айтымында, аларга жылына бир нече жолу берген эскертүү берилет. 2020-жылдын төрт ай ичинде эле кооптуу аймакта үч миңден ашык жер титирөө болгон.

Маалыматка ылайык, 3909 үй-бүлө көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда жашашат. Алардын ичинен 2406 үй-бүлө Ош облусунун, 1367 үй-бүлө Жалал-Абад облусунун кооптуу деп саналган аймактарында.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги май айындагы нөшөрлөгөн жаандан улам Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертип келет.


Читать похожее

  • 07.08.2024, 23:31:17
  • 26.04.2024, 00:16:41
  • 01.01.2024, 00:30:15
  • 15.12.2023, 05:20:05