Опубликовано
19.08.2020, 10:00Учурда 14 оорукананы куруу жана реконструкциялоо боюнча иш жүрүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.
[news 27078]
Анын айтымында, бардык ооруканалар медициналык жабдыктар менен толук жабдылып, тийиштүү персоналдар ишке тартылат. Бул боюнча бардык иштер жигердүү жүрүп, көзөмөлдө турат.
«Акыркы учурда интернет айдыңында салынып баштаган ооруканалар белгиленген мөөнөттөрүндө бүтпөй калат деген кооптонгон маалыматтар чыгып жатат. Биз буга чейин аймактарда жана Бишкек, Ош шаарларында жалпы 12 объект курулуп жатканын кабарлаганбыз. Аларга дагы 2 оорукана кошулду: Жалал-Абад шаарында жана Кара-Суу районундагы Чайчы айылында. Учурда 14 оорукананы куруу жана реконструкциялоо боюнча иш жүрүп жатат. Мен, өкмөт башчы катары, баарыңыздарды ишендирип кетем: ооруканалар боюнча белгиленген курулуш иштери аба ырайына байланыштуу гана кээ бир объектилер 4-5 күнгө кечиктирилип калбаса, сөзсүз курулушу аягына чыгарылат», - деди ал.