Өкмөт: Бишкекке дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алынып келди

08.07.2020, 13:20 Акчабар
Өкмөт: Бишкекке дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алынып келди

Бишкек шаарына чартердик каттам аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сатылып алынган 200 даана мобилдик кычкылтек концентратору экинчи партия катары алынып келинди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилесек, 2020-жылдын 5-июлунда биринчи партия менен 500 даана мобилдик кычкылтек концентратору алынып келген, ал эми калган 800 даана кычкылтек концентратору жакынкы арада өлкөгө жеткирилмекчи.

Кычкылтек концентраторлору ыкчам тартипте коронаривирустук инфекциядан жабыркаган жана өпкөсү кагынган жарандар дарыланып жаткан республиканын медициналык мекемелери арасында таркатылып берилет.

Тэги: Бишкек шаары чартердик каттам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть