Өкмөт алкоголдук ичимдикке болгон акциз салыгынын көлөмүн жогорулатат

05.04.2021, 14:55 Акчабар
Өкмөт алкоголдук ичимдикке болгон акциз салыгынын көлөмүн жогорулатат

Экономика жана финансы министрлиги айрым алкоголдук ичимдиктерге болгон акциз салыгынын көлөмүн жогорулатуу боюнча сунушун берди. Муну менен катар бюджет 200 млн сомго толукталат, деп билдиришти демилгечилер. Тийиштүү мыйзам долбоору өкмөттүн сайтында коомдук талкууга коюлду.

Долбоорго ылайык, акциз салыгы төмөндөгүчө жогорулайт:

  • таңгакталган жана таңгакталбаган сырага болгон салык — литрине 17 сомдон 30 сомго чейин;
  • виного — литрине 12 сомдон 20 сомго чейин;
  • газдалган шарап, анын ичинде шампан ичимдигине — 45 сомдон 60 сомго чейин литрине.

Кошумчалай кетсек, бийлик бул мыйзамдын башкы максаты катары - жарандардын ден соолугун сактоо жана бекемдөө деп баса белгилешүүдө.

Тэги: Финансы министрлиги акциз салыгы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть