Өкмөт: Бажы системасын реформалоо боюнча иш башталды, аягына чыгат

07.05.2020, 10:00 Акчабар
Өкмөт: Бажы системасын реформалоо боюнча иш башталды, аягына чыгат

Өкмөттүн экономикалык өнүгүү боюнча планын аткаруу создугууда, бирок бул багыттагы иштер улантылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезексиз жыйынында билдирди.

«Биз жылдын башында алдыбызга чоң максаттарды койгонбуз. Бул аймактарды өнүктүрүү, 40 айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу, экономиканы санариптештирүү, экономиканын көптөгөн тармактарында реформа жасоо. Жыл жакшы көрсөткүчтөр менен башталган. Алгачкы эки айда экономикалык өсүш 4,3% түздү. Бюджеттик чөйрөнүн айрым кызматкерлеринин айлык акысын 12%га көтөрө алдык. Бирок COVID-19 пандемиясы өзүнүн түзөтүүлөрүн киргизди. Ошондо да Өкмөт кыйынчылыктарга карабастан экономикалык өнүгүү пландарын аткарууну улантат», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Экономиканы өнүктүрүүнүн ар бир баскычы коом тарабынан оң кабыл алынды.

«Бажы системасын реформалоо боюнча иш башталды. Башталган бул кадамдардын бардыгы аягына чыгарылып, өз жемишин алып келет», - деди Абылгазиев.

Ошону менен бирге Өкмөт башчы бүгүнкү күндөгү башкы милдетти белгилеп өттү.

«Биздин өлкөнүн экономикасы дүйнө жүзүндөгүдөй эле оор мезгилди башынан кечирип жатат. Аны менен катар биз үчүн биринчи кезекте калктын саламаттыгы маанилүү экендигин дагы бир ирет баса көрсөтө кетейин. Эки ай мурда экономикалык активдүүлүктү токтотуу, адамдардын катташуусун чектөө жана карантин киргизүү чечимин кабыл алуу менен биз эң башкысы –вирустун жайылуу ылдамдыгын жана ооругандардын санын чектей алдык», - деди өкмөт башчы.

Тэги: Өкмөт Бажы система реформа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть