Үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлсө, Өкмөт ар бир балага 50 миң сомдон төлөйт

20.11.2019, 17:00 Акчабар
Үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлсө, Өкмөт ар бир балага 50 миң сомдон төлөйт

Кыргыз Өкмөтү үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлгөн шартта ар бир балага 50 000 сомдон бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулун төлөп берет. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Чечим 2019-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, үй-бүлөлөрдү социалдык-экономикалык колдоо, балдарды толук кандуу өнүктүрүү, алардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, алардын саламаттыгы, билим берүү, тарбиялоо, коопсуздук маселелерин чечүү боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Эскерте кетсек, үй-бүлөлөрдүн жетиштүүлүгүнө карабастан, бала төрөлгөндө бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулу берилет.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, дайыма кам көрүүгө муктаж болгон балдары бар ата-энелерди колдоого алуу максатында «персоналдык ассистент» кызматы киргизилди. Бул балага үй-бүлөсүнүн курчоосунда калууга шарт түзөт, аларга айлык акы төлөө маселеси чечилген.

Тэги: сүйүнчү пул үй-бүлө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть