Өкмөт баардык ташуучуларга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бирдей эрежени бекитет

16.01.2020, 17:00 Акчабар
Өкмөт баардык ташуучуларга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бирдей эрежени бекитет

Жогорку Кеңеште милдеттүү камсыздандыруу жүрүмүн кайра ыраатташтырууга багытталган «Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Өкмөт.

Финкөзөмөл кызматынын башчысы Арзыбек Кожошев сунушталган мыйзам долбоору Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жүрүмүн ыраатташтырууга багытталганын билдирди. «Буга чейин камсыздандыруу компаниялары өздөрү бекиткен эрежелер менен иштеп келген. Эми Өкмөт баарына бирдей эрежени бекитүү милдетин өзүнө алууда. Бирдиктүү эреже бекитилген соң, Финкөзөмөл кызматы мыйзамга камсыздандыруу компаниялары үчүн келишим түзүүдөн баштарта албагыдай ченем киргизет», - деди ал.

Ошондон улам, бул мыйзам долбоору аркылуу «Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө», «Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөр сунушталууда.

Депутаттар кооптуу жүктөр менен жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларга кандай шарттар коюла турганына кызыгышты.

Финкөзөмөл кызматынын башчысы алар лицензия менен иштей турганын эске салып, жүрүгүнчүлөрдү ташыгандар камсыздандыруусу болгондо гана Транспорт министрлигинен лицензия аларын, ал эми күйүүчү май ташыгандар ИИМден белгилүү бир каттамдар боюнча атайын урусат алышарын билдирди. Мыйзам долбоору кабыл алынса, камсыздандыруусу жок кооптуу жүк ташуучуларга уруксат берилбейт.

Депутат Бактыбек Турусбеков жүргүнчүлөрдү ташыган автомашина авария болсо, андан жабыр тарткан жүргүнчүлөр эмне болоруна кызыкты.

Жол коопсуздугу башкармалыгынын өкүлү ташуучуну камсыздандырган компания медициналык экспертизинын негизинде жүргүнчүгө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө тийиш экенин билдирди.

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев күйүүчү май сындуу кооптуу жүк ташыган автомашиналар жол кырсыгына көп кабылып, экологияга зыян келтирип жатканын эске салып, алардын жоопкерчилигин да мыйзамга кошо камтуу керек экенин айтты.

Ал эми депутат Дастан Бекешев азыркы учурдагы ар түрдүү камсыздандыруу полистеринин баарын бир бирдиктүү полиске бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1 мамлекеттик, 16 жеке менчик камсыздандыруу компания бар. Алардын ишине Финкөзөмөл кызматы тарабынан көзөмөл кылынат. Эгерде алар эреже бузса, айыппул салынат же лицензиясы кайра чакыртып алынат.

Тэги: Өкмөт бардык ташуучу камсыздандыруу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть