Өкмөт чет жакка дарылык каражаттар чыгарылып жатат деген маалыматты жалган деп атады

13.07.2020, 10:30 Акчабар
Өкмөт чет жакка дарылык каражаттар чыгарылып жатат деген маалыматты жалган деп атады

Учурда социалдык тармактарда дары-дармектердин жана индивидуалдык коргонуу каражаттарынын чек жакка сатылып жаткандыгы тууралуу таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

[news 26014]

Кыргыз Республикасынын өкмөтү Кыргызстандан дарылык каражаттарын чыгарууга убактылуу чектөө салган. Аны менен бирге өлкөдөн медициналык, биологиялык, бир колдонула турчу халаттарын, коргонуу костюмдарын, респираторлук бет каптарын жана көз айнектерин чыгарууга тыюу салынган.

Маалыматта айтылгандай, үстүбүздөгү жылы бир ирет Кытай Эл Республикасына коронавирус менен күрөшүүгө көмөк катары гуманитардык жардам житкирилген. Аталган жүк Кытай тарабынан түшкөн өтүнүчкө ылайык чогултулуп, ага антисептикалык жана дезинфекциялоочу каражаттары, индивидуалдык коргонуу үчүн медициналык каражаттар киреген.

«Өлкөдө бүгүнкү күндө болуп жаткан эпидемиологиялык абалда дарылык каражаттардын чет жакка чыгарылып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды таратууну жоопкерсиздик деп эсептейбиз. Мындай маалыматты азыркы учурда шайлоо алдында саясат жүргүзүп жаткан саясатчылар таратып жаткандыгы өкүнүчтүү»,-деп айтылат маалыматта.

Тэги: Кыргыз өкмөтү дары-дармек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть