akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    17.06.2020, 11:30

    Өкмөт тарабынан өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн негизи түптөлдү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты.

    [news 25270]

    «Үч компонент каралган. Биринчиси – 2020-жылдан тартып төмөнкү салыктык процедураларды фискалдаштыруунун компоненттери ишке киргизилет: электрондук эсеп-фактуралары, виртуалдык контролдук-кассалык машиналар, май куюучу станцияларга эсепке алуунун автоматташтырылган системасын милдеттүү түрдө колдонуу, алкоголдук жана тамеки продукцияларына санариптик маркировканы милдеттүү түрдө киргизүү. Экинчиси – бажы системасында конкреттүү кирешелерди легалдаштыруу боюнча иштерди баштаганбыз, кирген-чыккан товардын так учетун жүргүзүү, аткезчиликти кыскартуу боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө. Анын алкагында ишкерлерге карата жалпы салыктык жүк басаңдайт. Бизнес үчүн КНСтин босогосун аныктоодо: ички рынокто иштеген ишкерлер үчүн КНС ыктыярдуу негизди киргизилет. Ошол эле учурда экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзгөн компаниялар үчүн КНС тартиптери бир топ жөнөкөйлөштүрүлөт. Салык режимдеринин түрлөрү кыскартылып, Бирдиктүү салыкты колдонуу тажрыйбасы киргизилет. Анда: киреше салыгы, сатуу салыгы, ички соодага кошумча нарк салыгынын жана башка салыктардын түрлөрү алмаштырылат», – деди Кубатбек Боронов.

    Ал кошумчалагандай, ишкерлерге адилеттүү социалдык салыктык жүктү жана камсыздандыруу тарифтери түзүлбөсө, аларды көмүскө экономикадан чыгаруу мүмкүн эмес.

    «2020-жылдын башында биз чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларын төмөндөтүүнү максат кылып койгонбуз. Бүгүн биз бул жетишсиз экендигин түшүнүп жатабыз. Буга байланыштуу радикалдуу чараларга баруу керек», – деп жыйынтыктады ал.


    Читать похожее

    • 30.06.2024, 21:40:12
    • 22.05.2024, 23:45:20
    • 08.04.2024, 03:31:26
    • 06.03.2024, 00:20:39