Эмне үчүн өкмөт «Манас» аэропортун белгисиз инвесторлорго берип жатат?

03.02.2020, 11:30 Акчабар
Эмне үчүн өкмөт «Манас» аэропортун белгисиз инвесторлорго берип жатат?

Өкмөт аэропортторду модернизациялап, Кыргызстанды эл аралык хабка айлантууну көздөөдө. Мындай чоң долбоорду жүзөгө ашыруу тууралуу январдын аягында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирип, аэропорттор сырткы башкарууга өткөрүп берилүүгө даяр экендигин айтты. Аткаминердин билдирүүсү мөөнөтүнөн мурун айтылыптыр. Азырынча долбоорду ишке ашыруунун так планы жок. «Акчабар» маселенин маңызын териштирди.

Биринчиден, инвесторду издөөнү Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) акысыз негизде жүргүзүп жатканын белгилөө керек. Аталган уюмдун эксперттери аэропортторго анализ жүргүзгөн. Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун жетекчиси Данияр Абдылдаевдин айтымына ылайык, экспертизанын жыйынтыктары аэропорттордун инфраструктурасын инвесторлорду тартуу менен өнүктүрүү зарыл экендигин көрсөткөн.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору аэропорттор тармагынын модернизациялоо алардын Казакстан жана Өзбекстандын аэропрттору менен ат салушуусуна керек деп ишенет. Андан сырткары, инвесторлор жүргүнчүлөрдүн жана учуулардын коопсуздугун жогорулатып, жүргүнчүлөр агымын 30-40 пайызга көбөйтө алат.

Суроолор бар, жооптор жок

«Манас» аэропортунун таза кирешеси 2016 - жылы 1 600 000 000 сомду түзүп, 2019 - жылы 2 000 000 000 сомго жеткен.

Башка ишканалар менен салыштыра келгенде айырма дароо көрүнөт. Ишканалардын отчеттук мөөнөт ичиндеги чогулган кирешеси 517 млн сомду түзгөн, ал эми аэропорттун дивиденддери 640 млн сомду түзгөн.

Андан сырткары, МЖӨБда Кыргызстандын 11 аэропортун модернизациялоо долбоору кантип ишке аша тургандыгы тууралуу жооптору жок. Сүйлөшүүлөр, техникалык-экономикалык негиздөө, тендерлер жана комплекстик анализдөөгө эле бир жыл кетет.

«Баасы тууралуу айтуу эрте, масштабы аныктала элек. Долбоор кайсы базада реализацияланаарын биз билбейбиз. Бизде 11 аэропорт бар, алардын кайсыларына инвестиция салынары чечилет. Бул абдан оор, биз долбоордун рентабилдүүлүгүн эсептөөбүз керек. Жумуштун баары алдыда»,-деди Данияр Абдылдаев.

Эске сала кетсек, өкмөт инвесторлордун башкаруусуна акционердик коомду берүүнү чечкен. Бирок «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамына ылайык, чечимди акционерлердин жыйыны кабыл алат, демек, МЖӨБнун анын макулдугу жок кабыл алган чечими мыйзамга каршы келет.

«Манас» ААКнын акцияларынын ээлери ким?

«Азыр бир нерсе деп айтууга эрте. Жумушчу комиссия баардык мүмкүнчүлүктөрдү карап жатат. Акыркы чечимди акционерлер жыйыны кабыл алат»,-деп түшүндүрдү «МАМ» ААКнын төрагасынын орун басары Абдималик Бусурманкулов.

Белгилей кетсек, бул «Манас эл аралык аэропорту» ААКнын инвесторлорго берүүгө болгон биринчи аракет эмес. Акыркы жолу бул маселени 2017-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду көтөрүп чыккан. Аэропорттордун инфраструктурасына орусиялык жана түркиялык ишкерлер инвестициялоону каалаган. Бирок иштеп жаткан ишкананы сырткы башкарууга өткөрүү жылдарды талап кылышы мүмкүн. Жана инвесторлорго көптөн бери муктаж болуп жаткан ишканалар да дал ошончо күтөт.

Тэги: Өкмөт инвестор аэропорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть