Өкмөт насыясын төлөй албай жаткан жарандарга 1,2 млрд сом бөлүп берет

09.11.2020, 15:20 Акчабар
Өкмөт насыясын төлөй албай жаткан жарандарга 1,2 млрд сом бөлүп берет

Өкмөт банктардан насыя алган жарандарга колдоо көрсөтүү механизмин иштеп чыкты. Бул тууралуу 9-ноябрда Нарында эл менен жолугушууда президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирүүсүнө таянуу менен «Азаттык» басылмасы жазып чыкты.

Анын айтымында, каржылык булак аныкталды, жардам 100 миң сомго чейинки өлчөмдөгү насыясы барларга берилет жана бул үчүн бюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом жумшалат:

«100 миң сомго чейин насыя алгандардын үч айлык пайыздык үстөгү боюнча жардам беребиз. 100 миңге чейинкилерге гана. Бул – аябай начар турмушта жашагандар, 20 миң, 50 миң же 80 миң алгандар. Андан өйдө мамлекеттин күчү жетпейт экен. 10-15 күндөн бери ушул маселенин үстүндө иштеп жатканбыз. Акыры кечээ чечиштик».

Жапаров кошумчалагандай, жардам 600 миңдей үй-бүлөгө берилет. Алар үч айдын –декабрь, январь жана февралдын үстөк пайызын же негизги сумманын кайсы бир бөлүгүн төлөөдө жеңилдик алышат.

Кыргызстанда банктардан насыя алып, бирок кайтарып бере албай калган жарандарын маселеси олуттуу социалдык көйгөйлөрдүн бирине айланган.

Тэги: банк насыя Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть