Өкмөт санариптештирүү иштерин толук улантат

25.08.2020, 16:45 Акчабар
Өкмөт санариптештирүү иштерин толук улантат

Санариптештирүү иштери толук улантылат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

«2020-жылдын аягына чейин пандемияга карабай, Өкмөт «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасын толугу менен ишке ашырууну улантат. Анын алкагында, ведомстволор аралык «Түндүк» электрондук системасына айыл аймактарын кошуу үчүн алгач жергиликтүү өз алдынча органдарында чарбалык китептердин негизинде электрондук базалар түзүлдү. «Санарип аймак», «е-Kyzmat», «Infodocs» системаларын ишке киргизүү үчүн ОБСЕнин Бишкектеги кеңсеси аркылуу техникалык колдоо иштери жүрүп жатат: 187 айыл өкмөтү маршрутизатор (роутерлер) менен камсыздалды, калган 266 айыл өкмөтү, Келишимге ылайык, август айынын аягында камсыздоо пландалган», - деп билдирди өкмөт башчы Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, бул планда каралган багыттардын бири – билим берүү чөйрөсүндө аралыктан окутуу түрүнө өтүү. Учурда дистанттык окутууга карата мектеп мугалимдерин техникалык каражаттар менен камсыз кылуу маселеси да чечилүүдө. Алдын ала жүргүзүлгѳн мониторинг аркылуу ар бир региондордо аярлуу катмардагы 4 782 үй-бүлѳдѳ телевизорлор, 65 616 окуучуда смартфондор жоктугу аныкталды. Техникалык каражаттар менен камсыз кылуу боюнча донорлор тараптан окуучуларга жардам көрсөтүлөт. Мобилдик операторлор тарабынан бекер интернет байланышы берилүүдө.

Тэги: санариптештирүү премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть