Өкмөттүн республика боюнча тараткан гуманитардык жардамы тууралуу маалымат

01.05.2020, 16:10 Акчабар
Өкмөттүн республика боюнча тараткан гуманитардык жардамы тууралуу маалымат

Өкмөттүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1-майга карата тараткан гуманитардык жардамы тууралуу маалымат.

Бишкек шаары:

Бишкек шаары боюнча муктаж 86 664 үй-бүлөгө жардам катары 780,15 тонна ун, 131,8 тонна макарон, 95 459 литр өсүмдүк майы, 155,09 тонна күрүч, 146,4 тонна кумшекер, 8 396,1 кг чай, 72806 кг бурчак (горох), 16 596 кг гречка, 10 543 кг китлап, 448 кг эт, 25 529 банка коюлтулган сүт, 8126 кг картошка, 372 пачка бульон, 200 кг геркулес, 171 кг пияз, 485 даана жумуртка, 145 кг печенье, 80 кг конфет, 1447 кг туз берилди.

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 056 326,53 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 55 аралыкта текшерген термометр, 85 385 беткап, 1890 респиратор, 1220 бет жапкыч, 39 158 кол кап, 1 270 литр антисептик, 934 даана көз айнек, 357 даана коргоочу костюмдар (көп жолу кийилет), 4 474 даана коргоочу костюмдар (бир жолу кийилет), 7 555 даана буткап (бахилы), 9500 даана шпатель берилди.

Ош шаары:

Шаар боюнча 42 845 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 340 тонна ун, 43 300 кг макарон, 39 700 л өсүмдүк майы, 31 300 кг күрүч, 30 600 кг кумшекер, 800 кг эт, 45 200 кг картошка берилди.

Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 28 207,1 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 4,9 тонна хлор, 137 200 даана беткап, 2 700 л антисептик, 9 000 даана коргоо костюмдары, 32 500 даана кол каптар берилди.

Ош облусу:

Облус боюнча муктаж 101777 үй-бүлөгө жардам катары 3026 тонна 940 кг ун берилген, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 1325,05 тонна ун, 59 тонна 492 кг макарон, 134тонна 748 литр өсүмдүк майы, 62 тонна 537 кг күрүч, 37 тонна 808 кг кумшекер, 8тонна 641 кг эт, 26 тонна 285 кг картошка берилди.

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 607 326 сомду түздү.

Республикалык бюджеттен жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн районуна 8 млн 492 миң сом бөлүнүп, 10615 үй-бүлөгө, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебинен 1 000 000 (бир миллион) сом бөлүндү. 1250 үй-бүлөгө (ар бири 800 сомдук) азык-түлүк баштыгы, жалпысы 11 865 үй- бүлөгө таркатылды.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12 тонна 360 кг хлор, 235 898 даана беткап, 3 245 литр антисептик, 4586 даана коргоо костюмдары, 380 080 даана кол каптар, 8 тепловизор, 1 концентратор, 15 дезинфекциялоочу аппарат берилди.

Чүй облусу:

Чүй облусу боюнча муктаж 55019 үй-бүлөгө жардам катары азык-түлүк азыктарынан: 1078,505 тонна ун, 101109,5 кг макарон, 97053 литр өсүмдүк майы, 73698,6 кг күрүч, 309245 кг кумшекер, 4061 кг эт, 30461 кг картөшкө, пияз, сабиз мындан тышкары 6935 кг буурчак, 9545,5 даана чай таркатылды.

Мындан тышкары, финансылык жардамдардын жалпы суммасы 366000,0 (үч жүз алтымыш алты миң) сомду түздү. Жалпысынан жардам көрсөтүлдү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө: 38220,0 кг хлор, 155383 даана маска жана распираторлор, 3717 даана коргоо костюмдары, 69252 даана кол кап, 943 даана атайын көз айнек, 8005,5 л антисептиктер, 100 даана тепловизор/термометр жана 16663 даана башка медициналык каражаттар таркатылды.

Жалал-Абад облусу:

Облус боюнча муктаж 82119 үй-бүлөгө жардам катары 2992,66 тонна ун, 90349 кг макарон, 129241 литр өсүмдүк майы, 88760 кг күрүч, 17559 кг кумшекер, 3903,8 кг эт, 82378 кг картошка берилди.

Областта чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 16 665 133 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүн дө 34 тонна 787 кг хлор, 347066 даана беткап, 9093 литр антисептик, 5213 даана коргоо костюмдары, 52464 даана кол каптар, 1030 даана термометр берилди.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-мартындагы № 110-б буйругуна ылайык, Жалал-Абад облусунун район, шаарларындагы калктын аярлуу катмарына 1723,15 тонна ун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнүп, 47086 жардамга муктаж үй-бүлөгө таркатылып берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги №128-б буйругуна ылайык, облус боюнча турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын мезгилинде акысыз материалдык колдоо максатында, коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоого байланыштуу Сузак району, Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаарларындагы 22973 жардамга муктаж үй-бүлөлөргө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 18378400 сом акча каражатына азык-түлүк баштыктары даярдалып, таркатылууда.

Ошондой эле, эпидемиялык кырдаалга байланыштуу иш-чараларды жүргүзүүгө облустук клиникалык ооруканасына, облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна, Сузак райондук жана Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүнө, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө жана Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаарларындагы жана облус аймагындагы калктын аярлуу катмарына (жакыр үй-бүлөлөргө) жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунун эсебинен 2 301 400 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Облустун аймагында коронавирус илдетинин кесепетинен жардамга муктаж 8765 үй-бүлөгө жергиликтүү бюджеттен 9 697 765 сом акча каражаты сарпталды.

Ал эми, Ала-Бука районунун Ак-Там айыл аймагынын чет өлкөдө эмгектенген жеке ишкер тарабынан 55 үй-бүлөгө, “Нур телеком” компаниясы тарабынан 30 аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк таркатылып берилген.

Жалал-Абад шаарындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун 3 ардагерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 каптан ун, 5 литрден өсүмдүк майы, азык-түлүк пакеттери тапшырылды. Мэриянын атайын эсебине демөөрчүлөрдөн түшкөн акча каражатынын эсебинен Жалал-Абад шаарында жайгашкан балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине 50 000 сом жана “Ак-Жол” балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборуна 20 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Баткен облусу:

Облус боюнча муктаж 21584 үй-бүлөгө жардам катары 1308,6 тонна ун, 36564 кг макарон, 45277 л өсүмдүк майы, 19720 кг күрүч, 14163 кг кумшекер, 1493 кг эт, 2855 кг картошка берилди.

Облуста финансылык жардамдын жалпы суммасы 6 млн сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6,5 тонна хлор, 93537 даана беткап, 1885,5 л антисептик, 1855 даана коргоо костюмдары, 12276 даана кол каптар берилди. Жеке ишкерлер тарабынан 500 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам берилди.

Ысык-Көл облусу:

Облус боюнча муктаж 31 мин 438 үй-бүлөгө жардам катары 640 тонна 610 кг ун, 97 т 950 кг макарон, 84915 л өсүмдүк майы, 31т 504 кг күрүч, 37 т 280 кг кумшекер, 1692,5 кг эт, 12 т 813 кг картошка берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12716 кг, хлор 118239 даана беткап, 6752 литр антисептик, 4149 даана коргоо костюмдары, 210293 даана кол каптар берилди.

Нарын облусу:

Облус боюнча муктаж 23 861 үй-бүлөгө жардам катары 786 тонна 3680 кг ун, 40 тонна 843 кг макарон, 31 568 литр өсүмдүк майы, 14 тонна 393 кг күрүч, 24 тонна 281 кг кумшекер, 2 тонна 815 кг эт, 1 087,5 кг чай жана 276 500 сом акчалай берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 8 тонна 090,5 кг хлор, 119 348 даана беткап, 3 куб 321,3 литр антисептик, 19143 даана кол каптар берилди.

Талас облусу:

Облус боюнча муктаж 11111 үй-бүлөгө жардам катары 534,15 тонна ун, 5229 кг макарон, 4768 литр өсүмдүк майы, 5564 кг күрүч, 1586 кг кумшекер, 998 кг эт, 100 даана чай берилди.

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 млн 097,8 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7,8 тонна хлор 83800 даана беткап, 1643 л антисептик, 820 даана коргоо костюмдары, 5322 даана кол каптар берилди.

Тэги: Өкмөт гуманитардык жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть