Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

22.12.2020, 09:40

Орусиянын жана Кыргызстандын бийлиги кыргызстандык мигранттарга юридикалык мунапыс берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Артем Новиков түз эфирде билдирди.

[news 30762]

Анын айтымында, азыркы учурда Кыргызстандын өкүлдөрү Орусиянын бийлиги менен биргеликте бул маселенин үстүндө иштеп жатышат.

«Орусиядагы кесиптештер кичинекей админстративдик бузуулар үчүн эле өлкөгө кирүүгө тыюу салган – бул өтө катаал жаза экенин түшүнүп жатышат», – деп билдирген Артем Новиков.

Кыргызстандын жарандары үчүн юридикалык амнистияны Россия акыркы ирет 2019-жылдын март айында берген.

Кошумчалай кетсек, амнистия издөөдө жүргөн жана соттун чечими менен өлкөгө кирүүгө тыюу салынган кыргызстандыктарга тиешеси жок.