Октябрда коронавирус менен күрөшүү үчүн 360.5 миң сом бөлүнгөн

10.11.2020, 15:50 Акчабар
Октябрда коронавирус менен күрөшүү үчүн 360.5 миң сом бөлүнгөн

Октябрь айында коронавирус менен күрөшүү үчүн 360.5 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Help.Covid.kg сайтында маалымдалат.

Коронавирус илдети азырынча басаңдай элек, бирок оору менен күрөөшүүгө бөлүнгөн каражаттын көлөмү азаюуда.

Пандемия башталган күндөн тарта 171.6 млн сом которулган. Бул каражаттын ичинен басымдуу бөлүгү Саламаттык сактоо тармагына — 141.9 млн сом түшкөн.

Азыркы учурда кайрымдуулуктан түшкөн каражаттан 7.9 млн сом калган, анын ичинен 1.2 млн сом Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде, калган 6.7 млн сом Саламаттык сактоо министрлигинин эсебинде.

Кошумчалай кетсек, акыркы эки ай ичинде Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус менен күрөшүү үчүн 1.3 млн сом короткон.

Тэги: коронавирус атайын эсеп млн сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть