Опубликовано
01.04.2020, 07:00Өлкөгө ташылып кирген буудай жана ошол эле буудайдан өндүрүлгөн ундар кошумча нарк салыгынан бошотулат. Бул тууралуу 2020-жылдын 1-апрелиндеги Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, депутат Руслан Чойбековдун суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
[news 22426]
Депутат Чойбековдун айтымында, эгерде ун өндүрүүчүлөр салыктан бошотулбаса анда бир топ компаниялар банкротко учурамак.
«Сиздер бул чечимди туура кабыл алдыңыздар. Андан сырткары, өкмөт 800 млн сом дыйкандарга 6% менен насыя берип жатат. Эгерде кошумча нарк салыгынан бошотулбаса, анда атамекендик өндүрүүчү компаниялар банкротко учурамак», - деп билдирди депутат Руслан Чойбеков.
[news 19840]
Эске сала кетсек, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бюджетти туураа пландоо аркылуу буудай өндүрүүчү дыйкандарга 800 млн сом жеңилдетилген насыя берилерин билдирген.