akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    17.03.2021, 10:30

    Жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө республика боюнча жалпысынан 39,1 миң тонна күйүүчү-майлоочу материалдар керектелсе, бүгүнкү күнгө карата 60,0%га камсыздалган. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

    [news 32656]

    Маалыматка ылайык, күйүүчү майлоочу материалдарга болгон орточо баалар түштүк аймакта – 42,0-45,3 сом/литри, түндүктө 39,9-40,9 сом/литри болууда.

    Республиканын айыл-чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо максатында 2021-жылдын 13-январында Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги менен Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүү келишимине кол коюлган.

    Келишимдин шарты боюнча, айыл-чарба техникасынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо максатында Нефтетрейдерлер ассоциациясына нефтебазаларда жана май куйуучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдардын тийиштүү көлөмдө топтоп, май куйуучу жайларда камсыз кылышы жүктөлгөн.

    Бүгүнкү күнгө карата нефтебазаларда жана май куючу жайларда 23,2 миң тонна дизель отуну бар.

    Жалпысынан республикада күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча абал туруктуу жана тартыштык күтүлбөйт.


    Читать похожее

    • 17.03.2021, 04:30:49