Коммерциялык банктар тарабынан банкоматтардагы каражаттар чыгарылды

07.10.2020, 12:20 Акчабар
Коммерциялык банктар тарабынан банкоматтардагы каражаттар чыгарылды

Кечээ, коммерциялык банктар банкоматтардагы каражаттарды чыгарып кетишкен. Банк Союзунун жетекчиси Анвар Абдраевдин айтымында, бул финансы-насыя уюмдарынын активдерин сактоо максатында болгон.

Банк өкүлдөрүнүн жакынкы күндөрү өткөн жыйынында коопсуздук сакталбаган жайлардагы (аянт, көчө ж.б.) банкоматтардан каажаттарды чыгарып кетүү боюнча сунуш түшкөн.

«Бул банктардын коопсуздугу үчүн жасалып жатат. Азырынча бул убактылуу гана. Муну менен катар, банкоматтар убактылуу иштебегендиктен акчаларды накталай алуу кыйынчылык жаратышы мүмкүн», — деп билдирди Абдраев.

Анын айтымында, абал турукташкан соң банкоматтар кайрадан иштей баштайт.

«Элге накталай акча керек болуп жаткадыгын баары түшүнүп турат. Бул суроо, шаардагы абал турукташкан соң чечилет», — деп кошумчалады банк Союзунун жетекчиси.

Кошумчалай кетсек, регулятордун малматына ылайык, июль айынын аягында өлкө ичинде 130.2 млрд сом накталай алынган.

Эске сала кетсек, Улуттук банк бүгүн коммерциялык банктарга абал турукташкычакты ишин токтото туруу боюнча сунушун берген.

Тэги: Банк Союзу коммерциялык банктар банкомат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть