Банктар онлайн насыяларды берүү үчүн, кирешенин далили катары акча которууларды дагы карай баштады

10.09.2020, 09:45 Акчабар
Банктар онлайн насыяларды берүү үчүн, кирешенин далили катары акча которууларды дагы карай баштады

Кыргызстанда коммерциялык банктар онлайн насыяларды берүү үчүн, кирешенин далили катары акча которууларды дагы карай башташты.

Тактап айтканда, «Кыргызстан Коммерциялык Банкы» расмий сайты аркылуу Сбербанк Онлайндан банктын картасы менен үзгүлтүксүз которууларды алып турган кардарлар эми онлайн насыя ала ала тургандыгын жарыялады. Бул учурда, Россиядан келип түшкөн каражаттар насыялык мүмкүнчүлүктү тастыктоочу документ катары эске алынат.

«Насыя 18 жаштан 65 жашка чейин жарандарга 12 айлык мөөнөт менен берилет. Сумманын максималдуу көлөмү 15 миң сомду түзөт», — деп белгилешти банктан.

Кошумчалай кетсек, насыяны алуу үчүн арыз бир сутка ичинде каралат.

Тэги: Кыргызстан коммерциялык банктар онлайн насыя расмий сайт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть