Орозодо берилүүчү битир садаганын өлчөмү аныкталды

07.03.2024, 09:25 Акчабар
Орозодо берилүүчү битир садаганын өлчөмү аныкталды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Рамазан айында муктаждарга бериле турган садага (фитр-садака) өлчөмүн аныктады.

Маалыматка ылайык, 2024-жылга битир садаганын өлчөмү бир кишиге 1,6 кг буудайдын баасы 50 сом, 1,6 кг ун 75 сом жана 3,2 кг арпанын баасы 85 сом, же 1,6 кг кг мейиздин баасы 680 сом жана 3,2 кг курманын баасы 850 сом түзөт.

“Өнүмдүн өздүк наркы туруксуз, алардын салмагына басым жасоо керек. Битир садага ушул азыктардын биринин баасына барабар өлчөмдө берилиши мүмкүн. Муктаж болгондордун жыргалчылыгы үчүн көбүрөөк каражат сарпталганы жакшы”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда Рамазан айы быйыл 11-мартта башталат.

Тэги: Битир садага Орозо Рамазан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть