Орусиянын Борбордук банкы 222 млн $ интервенция жасады

22.04.2020, 17:10 Акчабар
Орусиянын Борбордук банкы 222 млн $ интервенция жасады

Дүйшөмбү күнү, 20-апрелде Россиянын Борбордук банкы рублдун наркын сактоо үчүн 222 млн $ (16.8 млрд рубль) сатты. Жүргүзүлгөн интервенциянын көлөмү 2020-жылдын жаз мезгилиндеги рекорддук көрсөткүчкө ээ болду. Муну регулятор чыгарган маалыматтар тастыктап турат.

Ички рынокто долларды сатуу Борбордук банктын бюджеттик эрежесинен улам 10-мартта баштаган. Бул чечим мунай рыногундагы абалга байланыштуу чыгарылган.

Эске сала кетсек, 21-апрелге караган түнү WTI мунайынын бир баррелге болгон баасы - 38.08 $ чейин түшүп кеткен. Мунун кесепетинен улам, орусиялык Urals мунайы 9.5 $ чейин азайды. Мунай баасынын арзандашы бүгүн дагы катталды. Brent маркасындагы мунайдын баасы 16 $ чейин төмөндөп, 2001-жылдан бери рекорддук көрсөткүчтү көргөздү.

Бүгүнкү күндө Борбордук банктын берген маалыматына ылайык, доллардын курсу 76.3 рублду, евро - 82.6 рублду түзүүдө. Москва биржасында доллар 76.7 рубль, евро — 83.4 рубль менен сатылууда.

Тэги: Орусия мунай баррель Борбордук банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть