Орусия депортациялана турган чет элдиктерди 90 күн камайт

18.12.2023, 10:40 Акчабар
Орусия депортациялана турган чет элдиктерди 90 күн камайт

Орусия өлкөдөн депортациялана турган чет элдиктерди жана жарандыгы жок адамдарды атайын мекемелерде кармай ала турган чечим чыгарды. Тиешелүү мыйзамды Мамлекеттик Дума кабыл алды.

Маалыматка ылайык, орус өкмөтү депортациялана турган чет элдиктерди жана жарандыгы жок адамдарды атайын мекемелерде эң узак мөөнөт 90 күн камай алат. Эгерде жаран убактылуу күбөлүк же качкын макамын алса, депортациялоо жөнүндө токтом кайра каралышы мүмкүн.

Ага ылайык, чет элдик жаранды өлкөдөн чыгаруу тууралуу буйрук чыккандан кийин аны өлкөдөн чыгарууга мүмкүн болбосо, атайын мекемеде кармоо мөөнөтү сот аткаруучунун же ички иштер органынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн арызы боюнча сот тарабынан 90 суткадан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

“Арыз беш күндүн ичинде каралууга тийиш. Ошондой эле чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар атайын мекемеде кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн сотко кайрыла алышат”, - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сот депортациялоону ашыкча чектөө деп эсептесе, анда жаранга 40 миңден 50 миң рублга чейин айып пул салынат же 200 саатка чейин мажбурлап иштөөгө тартылышы мүмкүн. Бул эч бир мамлекет жарандыгы жок адамды кабыл алууга даяр болбогон жагдайларга да тиешелүү.

Тэги: Орусия бийлиги Мамлекеттик Дума миграция депортация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть