Орусияда жумушчу эмес күндөр 30-апрелге чейин узартылды

03.04.2020, 13:00 Акчабар
Орусияда жумушчу эмес күндөр 30-апрелге чейин узартылды

Россиянын президенти Владимир Путин орусиялыктарга кайрылып жатып жумушчу эмес күндөр 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартыларын билдирди. Бул тууралуу vc.ru порталы билдирди.

«Эпидемиянын туу чокусу дүйнө жүзүндө, анын ичинде биздин өлкөдө дагы кете элек», — деп билдирди Владимир Путин.

Бул күндөрү бийлик органдары, үзгүлтүксүз иштеген ишканалар, дарыкана, оорукана, азык-түлүк саткан дүкөндөр иштей алат.

Андан сырткары, учурда убактылуу ишин токтоткон компаниянын ээлери кызматкерлерине эмгек акы төлөп берүүгө тийиш жана орусиялыктар дистанттык түрдө иш алып бара алышат.

Тэги: Орусия жумушсуз күн

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть