Орусиядагы ИИМдин кызматкерлери коррупционерлердин лидери аталышты

10.12.2019, 12:25 Акчабар
Орусиядагы ИИМдин кызматкерлери коррупционерлердин лидери аталышты

Орусияда ИИМдин кызматкерлери жемкорлордун тизмегинде лидерлик орунга чыгышты. Башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен салыштырмалуу, полиция кызматкерлери көп жоопкерчиликке тартылышат. Бул тууралуу MKRU басылмасы жазат.

2019-жылы коррупция беренеси боюнча сотко 6,9 миң жаран кайрылышкан. Анын ичинен 752 – ИИМдин кызматкерлерине карата айыптоолор болгон. Дагы 181 арыз – Россия Федерациясынын жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине карата, 27 арыз– Тергөө комитетинин кызмсаткерлерине, 9 арыз – прокурор кызматкерлерине карата келип түшкөн.

Андан сырткары, сотко текшерүү комитетинин 27 кызматкеринин иши жөнөтүлгөн. Текшерүү комитетинин официалдуу кызматкери Светлана Петренко билдиргендей, комитетт коррупцияга байланышкан иштерге тез арада чара көрөт. Петренконун айтымында, бул жылы сотко коррупция, алдамчылык, тартып алуу жана ашыкча чыгым беренелери менен 6,5 миң кылмыш иши козголгон.

Текшерүү комитетинин өкүлү Александр Бастрыкин, коррупциялык кылмыштардын 30% пара алуу же пара берүү учурунда кармалганын билдирет. Анын айтымында, жылдын жыйынтыгы менен коррупционерлер тарабынан келтирилген зыян 2 млрд рублдан ашат.

Тэги: жемкорлор лидер коррупционер ИИМ Орусия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть