Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

31.03.2021, 04:25

2019-жылдын аягында Орусия өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө 22.9 млрд доллар өлчөмүндө насыя берген. Бул тууралуу РБК Дүйнөлүк банкка таянуу менен билдирди.

[news 32897]

Эл аралык уюмдун берген маалыматына ылайык, Орусия насыя бергени ири беш өлкөнүн катарына кирген. Биринчи орунда 149.1 млрд доллар насыя портфели менен Кытай, экинчиде — 101.7 млрд доллар менен Япония, андан соң Германия — 28.3 млрд доллар, Франция — 27.3 млрд доллар менен турат. Андан соң тизмени Россия толуктайт.

Финансисттер белгилеп кеткендей, Орусия алдында ири өлчөмдө карызы бар – Белорусия мамлекети (8.1 млрд доллар), экинчи орунда Бангладеш — 2.4 млрд доллар менен турат. Андан соң, Венесуэла ($1.8 млрд), Индия ($1.7 млрд), Вьетнам ($1.6 млрд), Йемен ($1 млрд), Афганистан ($849 млн), Сербия ($769 млн), Украина ($606 млн) жана Сирия ($525 млн) мамлекеттери бар.


Читать похожее

  • 04.08.2024, 23:35:06
  • 17.06.2024, 04:45:50
  • 27.05.2024, 21:45:44
  • 15.05.2024, 04:25:07