Опубликовано
29.07.2021, 06:00Ош облусунун аймагында пенсионерлерге акыркы алты ай аралыгында 4905,6 миллион сом бөлүнгөн. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 563,2 миллион сомго көп. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүлүнүн аймактарды өнүктүрүү бөлүмү билдирди.
Маалым болгондой, былтыр пенсияга 4342,4 миллион сом бөлүнгөн.
Ошто пенсия курагындагы 139 миң 611 адам бар, былтыр алардын саны 134 миң 398 болчу.
Ош облусу боюнча орточо пенсия акысы 2021-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы боюнча 5856,7 сомду түздү.