Ош шаарынын бюджетине 150 млн сом түшпөй калышы мүмкүн

01.05.2020, 12:30 Акчабар
Ош шаарынын бюджетине 150 млн сом түшпөй калышы мүмкүн

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин казынасына 150 млн сом түшпөй калышы мүмкүн. Бул тууралуу Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов брифингдин жүрүшүндө билдирди.

Анын маалыматына караганда, атайын адистер тарабынан антикризистик программа иштелип чыкты.

«Мектеп окуучуларына берилүүчү ысык тамак-ашка жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө бюджеттен атайын акчалар каралат эле. Алардын баарын кайрадан карап, бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүдөбүз. Бүгүнкү күндө 150 млн сомдун 50 млн сомунун ордун толуктап жатабыз десек болот. Андан тышкары, жакында унаа курулуш ишканасы ишке кирет, "Кыргыз текстиль" ишканасы да быйыл ишке кириши мүмкүн, жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жаңы жумуш орундарын түзүп, жыл аягына чейин жоготууларды толуктайбыз деген үмүттөбүз», - деп баса бегиледи Сарыбашов.

Мэр кошумчалагандай, Салык кызматына да тапшырмалар берилүүдө, буга чейинки көмүскө салыктар каралып, жергиликтүү бюджетти толуктоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

Тэги: Ош коронавирус бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть