akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    03.09.2021, 06:50

    Ош шаарындагы муниципалдык кызматкерлерге ипотекалык негизде бериле турган үйлөрдүн эки имараты 5-октябрь, Ош шаарынын күнүндө тапшырылат. Бул тууралуу “Акчабарга” Ош шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу билдирди.

    Маалым болгондой, шаар күнүнө карата эшигин ача турган үйлөргө Курманжан-Датка жана Достук көчөлөрүндө жайгашкан эки имарат кирет. 80 жана 90 батирлүү турак-жайлардын курулуш иштери ушул тапта 80%га жеткен.

    Курулушу 2019-жылы башталган көп кабаттуу үйлөрдөн батир алууга 1700дөн ашуун тургун кезекте турат.


    Читать похожее