Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

30.09.2021, 09:20

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылына караган айланма жолду оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу “Акчабарга” Транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош облусундагы жол тейлөө мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош - Кара-Суу жолундагы беш чакырым жол октябрь айынын ортосунда толугу менен оңдолуп бүтөт. Учурда асфальтто иштери башталды. Быйылкы жылы жолдун беш чакырымын оңдоого 170 миллион сом бөлүнгөн.

Айланма жол аркылуу Ош - Кара-Суу жана Ош - Жалал-Абад каттамдары өтөт. Буга чейин бул жол аркылуу маршруттук каттамдардын жүрүүсүнө бир топ ыңгайсыздыктар жаралып келген.


Читать похожее

  • 30.05.2024, 23:15:55
  • 12.01.2024, 01:55:43
  • 20.12.2023, 02:45:08
  • 30.09.2021, 03:20:55