Опубликовано
02.08.2021, 12:00Ушул жылдын июль айына чейин иш издеп кезекте турган жумушсуздардын саны Ош облусу боюнча 24 миң 86 адамды түздү. Бул тууралуу облустук жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин аларда 20 миң 78 жумушсуз адам расмий катталган болчу.
Ал эми 2021-жылдын июнь айына карата 62 адам жумушка орноштурулган.
Расмий түрдө таанылган жумушсуздардын деңгээли экономикалык жактан активдүү калкка карата 3,2 % түздү. Ушул жылдын январынан тарта Ош облусу боюнча 2 миң 854 адамга жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырганда 3,1 пайызга өсүп, жумуш орду 88 адамга көбөйгөн.