Опубликовано
06.08.2020, 10:09Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Ноокат районунун Көк-Жар айылына 100 орундуу оорукана жана поликлиника куруу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.
Долбоордун жалпы баасы 207 миллион 43 миң 832 сомду түзөт.
Эскерте кетсек, 1-сентябрь арыз берүүнүн акыркы күнү. Бул объекттерди куруу 27 айга пландаштырылууда.