Опубликовано
13.06.2024, 04:35Ош шаарында үй тибиндеги 12 бала бакча иштеп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Белгиленгендей, аймакта үй тибиндеги бала бакчалардын жеңилдетилген шартта ачуу боюнча эл арасында калкка кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн атайын жумушчу топ иш алып барууда. Анын негизинде бүгүнкү күнгө карата бул багытта 30дан ашуун арыз келип түшкөн.
Быйылкы жылы дагы кошумча 20 үй тибиндеги бала бакча ачуу максатталган.
Жалпысынан бул программанын алкагында 200гө жакын бала мектепке чейинки билим алууда.