Опубликовано
10.02.2022, 07:50Ош шаарынын 2022-жылга бюджети 1 млрд. 600 млн. 510 миң сом деп бекитилди. Бүгүн, 10-февралда Ош шаардык кеңешинин V чакырылышынын сессиясы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2021-жылдын бюджетине салыштырмалуу 242 млн. 810 миң сомго көп болду. Анын ичинен;
“Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке салыктардын нормативдик чегерүүсү төмөндөгүдөй бекитилди: