Ош шаарынын жергиликтүү бюджети бекитилди

27.01.2020, 15:30 Акчабар
Ош шаарынын жергиликтүү бюджети бекитилди

Бүгүн, 27-январь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXV сессиясы болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Алгач Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү 2019-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 117,6%га өсүп, же болбосо 197 979 миң сомго көбөйдү. Шаардык кеңеш Ош шаарынын 2020-жылга жергиликтүү бюджетин 1 325 613 миң сомго бекитип беришти.

2020-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн - 20,2% жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар, - 0,4% коргонуу тармагы - 10,4 % экономикалык маселелер, - 32,2% турак жай жана коммуналдык чарба, - 6 % маданият жана спорт тармагы, - 29,7% билим берүү тармагы, - 1,1 % социалдык коргоо тармагы түзүүдө.

Тэги: Ош шаары бюджет бюджет КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть