Опубликовано
08.07.2020, 03:00Бүгүн Кыргызстанга Новосибирск – Ош аба каттамы менен «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын рейси менен Кыргызстандын 173 жараны кайтып келди. Жарандардын арасында жашы жете элек балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
[news 25860]
Маалыматка ылайык, бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.
Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.