Ошто таза суу чыкпай калды

16.07.2021, 12:01 Акчабар
Ошто таза суу чыкпай калды

Ош шаарындагы "Туран", "Манас-Ата", "Достук" жана "Калинин" кичи райондорунда таза суу берүү эртең мененки саат тогуздан баштап токтотулган. Мунун себебин “Ош шаар сууканал” ишканасы Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагында жааган катуу жаандан улам, аталган айылда сел жүрүп "Ак-Буура" дарыясы булгангандыгы менен байланыштырды.

Маалым болгондой, учурда Папанда тазалоо иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик эки, үч саат аралыгында шаардыктарга таза суу берилет деп ишендирүүдө.

Белгилей кетсек, Ош шаарында таза суу маал-маалы менен чыкпай калат.

Тэги: Таза суу сел ак-буура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть