Ош шаарындагы ички жолдорду оңдоого 22 млн сом бөлүндү

14.07.2021, 14:10 Акчабар
Ош шаарындагы ички жолдорду оңдоого 22 млн сом бөлүндү

Ош шаарындагы Алиев көчөсү толук оңдолот. Аталган жол менен кесилишкен Али-Жиннах жана Сүйүнбаев көчөлөрү да реконструкцияланат. Жолдордун асфальты жаңыланып, эки тарабына тротуар курулат. Ага 11 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын алдындагы жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов билдирди.

“Жолду оңдоого үч жылдан бери аракеттенебиз. Алиев көчөсүндө буга чейин газ түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргөн. Жолдун эскилиги жетип жарабай калган. Долбоорго бөлүнгөн 11 миллион сом да жетпейт. Толугу менен бүтүшү үчүн 17 миллион керектелет. Калган бөлүгүн буйуртма алган компания өздөрү толуктай турган болду”,- деди Арзыбек Жунусов.

Маалым болгондой, оңдолуп жаткан көчөлөр 2021-жылдын үчүнчү кварталында пайдаланууга берилет. Учурда ремонт иштери башталгандыктан жолдор убактылуу жабылган.

Быйылкы жылы Ош шаардык жолдор башкармалыгына жергиликтүү бюджеттен 100 миллион сом бөлүнгөн. Анын 22 миллион сому ички жолдорду оңдоп-түзөөгө жумшалса, калганы коопсуз шаар долбооруна даярдануу, жол чырактарды оңдотуу өңдүү иштерге сарпталат.

Тэги: жол реконструкция Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть