Оштун 3021 жылдыгын белгилөөгө 1 млн сомдон ашык акча жумшалат

01.10.2021, 12:00 Акчабар
Оштун 3021 жылдыгын белгилөөгө 1 млн сомдон ашык акча жумшалат

Ош шаарында 5-октябрь - шаар күнүн белгилөөгө 1 миллион сомдон ашык каражат жумшалат. Бул тууралуу “Акчабарга” Ош шаардык маданият башкармалыгынан билдиришти.

Жылдагыдан айырмаланып, быйыл театрлаштырылган программалар, жарманкелер уюштурулбайт. Анын ордуна шаардагы бардык муниципалдык мекеме, ишканалар параддан өтөт. Жөө жүрүш эрте менеки саат 9:30 башталып концерттик программа менен коштолот.

Кечки саат 19:00дон тарта эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерттик программа болот. Кыргыз эстрада ырчыларына жана жалпы кечки концертти уюштурууга шаардык маданият башкармалыгы 400 миң сом каражат бөлгөн. Ал эми 700 миң сомду Ош шаардык мэриясы шаардын көчөлөрүн кооздоого жумшайт.

Майрамдык концертке жергиликтүү артисттерден сырткары Орусия жана Өзбекстандан ырчылар чакырылган. Алардын чыгымын демөөрчүлөр колго алганы маалым болду. Иш-чара фейерверк менен жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, быйыл Ош шаарынын 3021 жылдыгы белгиленет.

Тэги: шаар күнү каражат парад концерт Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть