Ош шаарынын 2022-жылга бюджети бекитилди

10.02.2022, 13:50 Акчабар
Ош шаарынын 2022-жылга бюджети бекитилди

Ош шаарынын 2022-жылга бюджети 1 млрд. 600 млн. 510 миң сом деп бекитилди. Бүгүн, 10-февралда Ош шаардык кеңешинин V чакырылышынын сессиясы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2021-жылдын бюджетине салыштырмалуу 242 млн. 810 миң сомго көп болду. Анын ичинен;

  • салыктык кирешелер 1 365 600,0 миң сомду (85,3% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө;
  • салыктык эмес кирешелер 154 910,0 миң сомду (9,7% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө;
  • бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 80 000,0 миң сомду (5,0% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө.

“Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке салыктардын нормативдик чегерүүсү төмөндөгүдөй бекитилди:

  • киреше салыгы - 100%;
  • жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык - 50%;
  • мүлк салыгы - 100%;
  • жер салыктары - 100%;
  • чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык
  • 100%; -ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги салык
  • 100% өлчөмүндө жергиликтүү бюджетинин кароосунда калууда.

Тэги: бюджет Ош мэрия сессия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть