Ошко Москвадан 339 Кыргызстандын жараны кайтып келди

06.08.2020, 18:00 Акчабар
Ошко Москвадан 339 Кыргызстандын жараны кайтып келди

Бүгүн, 6-августта Ошко Москвадан 339 Кыргызстандын жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар «Ош» эл аралык аэропортунда «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Моксва-Ош багыты боюнча чартердик каттамы менен учуп келишкен.

"Бул каттам менен мекенине Орусиядан 339 Кыргыз жараны кайтып келди. Анын ичинде жаш балдар да бар. Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында Кыргыз өлкөсүнүн президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргыз өлкөсүнө кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн жана Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы Элчилигинин кызматкерлеринен, Кыргыз өмөтүнүн алдындагы Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнөн турган атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Өлкөгө келе тургандарды аныктоо комиссиялык тандоо, гуманитардык критерийлер боюнча Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Каттамга Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар, жаш балдары барлар, буга чейин Орусияда хирургиялык операция жана башка олуттуу медициналык процедураларды жасатууга келгендер, жакын туугандарынын өлүмүнө байланыштуу, кайтууга олуттуу себептери бар жана татаал турмуш кырдаалына кептелген жарандар кирген.

Тэги: чарттердик рейс Ош-Москва ТИМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть