Ошко Москвадан Кыргызстандын 327 жараны кайтып келди

13.08.2020, 11:32 Акчабар
Ошко Москвадан Кыргызстандын 327 жараны кайтып келди

«Ош» Эл аралык аэропортунда 13-августта «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча кезектеги чартердик каттамын тосуп алышты. Кыргызстанга Орусиядан 327 кыргызстандык кайтып келди, анын ичинде 59 жаш балдар бар. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Борттогу орундуктар чектелүү жана Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын, Элчиликтин кызматкерлеринин, ИИМ жана Орусиядагы Кыргыз Өкмөтүнө караштуу ММК өкүлдөрүнөн турган Комиссия тарабынан түзүлгөн.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча Кыргызстандын жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө, каттамга Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Тэги: чарттердик рейс Ош-Москва ТИМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть