Ошто 197 млн 705 миң сомго социалдык шаарча курулууда

09.08.2021, 11:20 Акчабар
Ошто 197 млн 705 миң сомго социалдык шаарча курулууда

Ош облусунун Кара-Суу районуна караган Эшме айылында 152 үй-бүлөгө ылайыкташкан социалдык шаарча курула баштады. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Курулушу башталган шаарча социалдык жактан жардамга муктаждарга берилет. Жалпы 25 үй курулуп, анда тигүү цехи, фап, дүкөн, футбол аянтчасы кошо болот.

Курулушту каржылоону коомдук бирикме колго алган. Анын жалпы баасы 197 миллион 705 миң сомду түзөт.

Социалдык шаарчаны 2022-жылдын май айында ишке берүү мерчемделген.

Тэги: социалдык шаарча курулуш муктаждар Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть