Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

07.11.2023, 10:25

Ош шаарынын мэриясы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте көмүрдү арзан баада сатуучу жайларды уюштурду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясына таянып, “Reporter.kg” басылмасы жазып чыкты.

Аталган жайларда көмүрдүн килограммы 5 сомдон сатылууда.

Арзан баадагы көмүр сатылган жайлардын даректери:

  • “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгы, С.Айни көчөсү, №80;
  • “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дача кичи району);
  • “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы Т.Уларов көчөсү, №13.


Читать похожее

  • 20.06.2024, 23:15:10
  • 04.06.2024, 01:05:10
  • 02.05.2024, 22:00:44
  • 06.12.2023, 23:32:00