Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

31.01.2024, 07:25

Ош шаарында 22-28-январь күндөрү автомектептердин ишмердүүлүгү текшерилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүдөй кемчиликтер аныкталды:

- лицензия алуу талаптарын бузгандыгы үчүн 5 протокол;
- камсыздандыруу эрежесин бузгандыгы үчүн 1 протокол;
- уруксаты жок кошумча жабдыктарды орноткондугу үчүн 1 протокол;
- айдоо учурунда окуу эрежесин бузгандыгы үчүн 1 протокол.

Аныкталган кемчиликтер үчүн жалпы 106 миң 500 сомго айып салынды.

ЖКККББ автомектептердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана коопсуздук эрежелерин сактоо максатында мындай рейддик иш-чараларды мындан ары да улантат.


Читать похожее

  • 31.01.2024, 01:25:35
  • 02.10.2019, 03:18:57