Ошто базардын соодагерлерине акысыз ККМ берилди

11.06.2024, 15:30 Акчабар
Ошто базардын соодагерлерине акысыз ККМ берилди

Ош шаарынын борбордук базарында Мамлекеттик салык кызматынын аймактагы башкармалыгы тарабынан акысыз ККМ тапшырылууда.

Мэриядан билдиришкендей, бардыгы болуп арыз берген борбордук базардын 500дөн ашык соодагерлери акысыз аппараттарды алышат.

Буга чейинда шаардагы базарлардын соодагерлерине 100дөн ашык акысыз ККМ тапшырылган.

Ош шаарында жалпы муктаждык 3 миң 211 бирдикти түзөт, бирок бул сан өсүп турат.

Эске салсак, акысыз ККМ аппараттары соода ишмердүүлүгү үчүн патенттерди жокко чыгарууга байланыштуу бирдиктүү салыкты киргизүүнүн алкагында тапшырылат.

Кыргызстанда соода иши үчүн патентти жокко чыгаруу 1-июлдан баштап күчүнө кирет.

Тэги: ККМ Ош соодагер Мамлекеттик салык кызматы патент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть