Опубликовано
15.09.2021, 08:00Быйылкы окуу жылында Ош шаарында электрондук кезек аркылуу 1-классга 7369 окуучу кабыл алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Электрондук кезек аркылуу кабыл алынган балдарды кошкондо, мамлекеттик жана жеке мектептер биригип, шаар боюнча быйыл жалпы 8300дөн ашуун бала 1-класстын босогосун аттады.
Ош шаары боюнча 81 билим уясы бар. Анын ичинен 55и мамлекеттик, ал эми 26сы жеке менчик мектептер.