akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Ош мэриясы

    Опубликовано

    01.05.2024, 11:30

    Ош облусунда үлүштүк курулуш программасынын алкагында дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

    Маалыматка ылайык, Т. Турсунбаева №28 көчөсүндөгү үлүштүк курулуш долбоорунун алкагында 15 кабаттан турган 408 батирдин курулушуна капсула салынды.

    Белгилеп кетсек, аталган долбоор шаар тургундарын турак-жай менен камсыздоо максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан төртүнчү ирет ишке ашырылууда. Буга чейин “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында үч кабаттуу үйдүн курулушу башталган.

    “Долбоорго ылайык, жаңы турак жайдын биринчи кабаты коммерциялык жана унаа токтотуучу жайлар үчүн каралган. Мындан тышкары, үйдүн короосуна балдар аянтчасы курулуп, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери да жүргүзүлөт. Батирлер жашоого даяр ички шарттары менен пайдаланууга берилет”, - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее