Ошто патент менен ишкердик кылгандар көбөйдү

04.08.2021, 12:30 Акчабар
Ошто патент менен ишкердик кылгандар көбөйдү

Ош облусу боюнча чакан ишкердикти жүргүзгөндөргө быйыл 72 миң 356 даана патент берилди. Анын суммасы 125,3 миллион сомду түздү. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн региондорду өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришти.

Патент алгандардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 19 миң 500дөн ашкан. Ал эми патенттен түшкөн каражат 42,9 миллион сомго көбөйгөн.

Патенттин негизинде ишкердикти баштаган кичи жана орто ишкана ээлери тарабынан чыгарылган өнөр-жай продукцияларынын суммасы Ош облусу боюнча 1657,9 миллион сомду түздү. Чакан ишкердиктен өндүрүлгөн продукциялардын өсүү темпи 120,5 %ды түздү.

Тэги: патент Ишкердик Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть