Ошто уйдун баасы дээрлик 50% га арзандады

13.09.2021, 15:50 Акчабар
Ошто уйдун баасы дээрлик 50% га арзандады

Ош облусунун аймактарында уйдун баасы арзандады. Бул тууралуу “Акчабарга” Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош облусу боюнча бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусу боюнча уйдун баасы дээрлик 50%га арзандаган. Кара-Суу районунун "Учкун" мал базарындагы жүргүзүлгөн мониторингде эң чоң айырма саан уйда билинген.

Маселен, былтыркы жылы уйдун баасы 90 миң сом болсо, быйыл саан уйлар 55 миңден 60 миң сомго чейин сатылууда. Ал эми калган мал жандыктардын баасында айырма көп эместиги маалым болду.

Бирок Ош облусунун аймактарында мал жандыктары арзандаганы менен эттин баасы төмөндөй элек.

Тэги: мал уй базар эт Ош антимонополия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть