COVID-19: Ошто вакцина түгөндү

01.07.2021, 13:30 Акчабар
COVID-19: Ошто вакцина түгөндү

Ош шаарында Кытайдан жана Орусиядан келген вакциналар калбай калды. Бул тууралуу "Акчабарга" Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Жанара Токсонбаева билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарына акыркы жолу Орусияда жасалган "Спутник V" вакцинасынан 1050 даана алынып келинген. Вакцинанын акыркы 301 дозасы эмдөөгө иштетилип бүттү.

"Кытайдын "Синофарм" вакцинасынан 11 миң 336 даана келген. Мунун тең жарымы биринчи доза, жарымы экинчи дозасы. Бүгүнкү күндө биринчи дозаны алгандар экинчиси менен да эмделип бүттү", - деп билдирди Токсонбаева.


Дарыгердин айтымында, Ошко эми качан вакцина келээри азырынча белгисиз.

Тэги: Ош вакцина коронавирус синофарм Спутник

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть